Редакцияот 26.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VI–ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ 27–СЕССИЯСЫ

 

2018-жылдын 26-декабры №146

Бешкент айыл аймагына караштуу Арка участка-сындагы 1700 га планировка болгон жайыт жердин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы К.И.Мусаевтин Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы О.Т.Баховотдиновко 2018-жылдын 25-декабрындагы №732 сандуу сунуш катын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бешкент айыл аймагына караштуу Арка участкасындагы 1700 га планировка болгон жайыт жеринен 1000 га жер бак-дарак кылуу үчүн, ал эми 700 га жер калктуу конушка деп багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы:

О.Баховотдинов