Редакцияот 30.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 2019-жылдын 30-январы №1

Бакай-Ата айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө

Жогоруда белгиленип өткөн Бакай-Ата айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Бакай-Ата айылдык аймактын кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 2 499 734,25 сом акча каражатын түзгөндүгү эске алынсын.

2.  Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени 2 499 734,25 сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.

Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн ЖКХ болумуно 2 439 734,25 сом бөлүнсүн.

Анын ичинен:

-Бакай-Ата айыл аймагынын кочолоруно кум-шагыл тогуп тегиздоого 596 000 сом.

-Тойчубек кочосуно электр чубалгыларын алууга 130 000 сом ;

-Б.Жунусов атындагы орто мектебинин котельныйын реконструкциялоонун оздук салымына 724 000 сом;

- Архитектура башкармалыгынын кызматтары учун 100 000 сом

- Кочо жарыктандырууга фонарларды орнотуу учун 50 000 сом

- Таза сууну айылга жеткирип киргизууго 749 734,25 сом;

- Сметчиктерге жана техникалык козомолдоо кызматына 90 000 сом

 Жалпысы ар кандай чыгымдар (2215) статьясына 1 663 734,25 сом,

Жабдууларды жана материалдарды сатып алуу (2222) статьясына 130 000 сом,

Имарат жана курулуштар (3111) статьясына 646 000 сом болунуп берилсин.

3.  Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн маданият болумуно 60 000 сом бөлүнсүн.

Анын ичинен:

Бакай-Ата айыл аймагында улуттук кок-бору оюнун откорууго 60 000 сом.

4.  Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Бакай-Ата башкармалыгына сунуш кылынсын.

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери И.Садабаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

Н.Шадыбеков