Редакцияот 21.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 21-декабры № 96/14-27

Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө

 

1-Май айылындагы “Бөбөк дүйнөсү” бала бакчасынын башчысы К.Ш. Жумаеванын “Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кенеш белгилейт:

-          1-Май айылындагы “Бөбөк дүйнөсү” бала бакчасынын чатырын жана мандай жагын ондоого кошумча каражат талап кылынат.

-          1-Май айылындагы Пионерская көчөсүн жарыктандырууга дагы кошумча каражат талап кылынат

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун өнүктүрүү фондуна 1-Май айылындагы “Бөбөк дүйнөсү” бала бакчасынын чатырын жана мандай жагын ондоого, Пионерская көчөсүн жарыктандырууга документтер тапшырылсын.

2. Ак-Кудук айыл өкмөтү долбоорду ишке ашыруу үчүн комиссия жана демилгелүү топ түзүлсүн.

 

Төрага

 

У.Суваналиев