Редакцияот 11.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

0

ОМУРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма бешинчи кезексиз кеңешмеси

 

2019-жылдын 11-февралы №112

Өмүралиев айыл аймагындагы Чатбазар айылынын Алапаев көчөсү 600метр жана Суеркул көчөсү 400 метр жалпысы 1 чакырым жолун оңдоп,асфальт төшөө максатында Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма бешинчи кеңешмеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өмүралиев айыл аймагындагы Чатбазар айылынын Алапаев көчөсү 600метр жана Суеркул көчөсү 400 метр жалпысы 1 чакырым жолун оңдоп,асфальт төшөө максатында №658 чөйрө сызыгындагы атайын кум алуучу карьерден ДЭУ-36 ишканасына кум алууга убактылуу уруксат берилсин.

2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Кеңештин төрагасы:

У.Алмолдоев