Редакцияот 05.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы

 

2019-жылдын 5-февралы №107

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык планын жана тарифин бекитүү жөнүндө

Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык планы жана тарифи жөнүндө ЖПБнин төрагасы Ы.Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ы.Жумабаевдин билдирүүсү көнүлгө алынсын.

2. Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык планы жана тарифи мурдагы эски бойдон калтырылып, мыйзамдуулугун карап, макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо ЖПБнин торагасы Ы.Жумабаевге, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Халмуратовко тапшырылсын.

 

Төрага:

А.Саматов