Редакцияот 17.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы

 

2018-жылдын.17-ноябры № 87

Жергиликтүү жер салыктардын ставкасын бекитүү жөнүндө

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн улуу салык инспектору К.Халмуратовдун КР салык мыйзамынын негизинде айыл чарба багытындагы жерлердин ставкасын бекитүү жана макулдашуу жөнүндө билдирүүсүн угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айыл аймагындагы жер салыктарынын базалык ставкасы өз баасында калтырылсын жана ар бир гектарына төмөнкүдөй өлчөмдө эсептелинсин:

2. Зоналдык коэффицент(К3): Тамарка салыгына 1(К3);Айыл чарбасына арналбаган жер салыгына жана мулк 2 группадагы салыгына 0,7(К3);

3. Айыл чарбасына багытталган жер салыгынын(үлүш) ставкасы

Суулуу айдоо сом

Кайрак айдоо сом

Көп жылдык өсүмдүктөр сом

Чөп чабынды сом

Жайыт

сом

305,02

47,78

343,74

24,3

7,7

4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн улуу салык инспектору К.Халмуратовго жүктөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары:

Ш. Анарбаев