Загрузка документа…
СЕМИЗ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-июну №25/2
Семиз-Бел айыл аймагындагы ФАП башчыларынын жүргүзгɵн иштери жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара-Тоо, Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек айылдарындагы ФАП башчыларынын 2018-2019-жылдарга карата жүргүзгɵн иштери жɵнүндɵ ФАП башчыларынын жана туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынындагы Кара-Тоо, Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек айылдарындагы ФАП башчыларынын 2018-2019-жылдарга карата жүргүзүлгɵн иштери «Канааттандыраарлык» деп табылсын.
2. Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара-Тоо, Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек айылдарындагы ФАП кызматкерлери айылдын элин сапаттуу тейлɵɵ, социалдык оорулардын алдын алуу, каттоодо турган жарандардын ал абалын ɵз убагында билип туруу, рецепт менен бериле турган дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу менен медициналык биринчи жардамды ɵз учурунда кɵрсɵтүү жана жаш өспүрүм балдарды зордук зомбулуктан алдын алуу боюнча мектептер менен биргеликте рейддерди уюштуруп тыгыз байланышта иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | Р.Базаркулов |