Редакцияот 12.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы

 

2019-жылдын 12-июну №15

Кара-Булак айылдык Кенешинин 2014-жылдын 21 июлундагы 5-чакырылыштын кезексиз 15-сессиясынын №1токтомуна түзөтүү киргизүү жөнүндө

Кара-Булак айылдык Кенеши Баткен шаарынын тургуну М. Айжигитованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 9-августундагы элдик жыйындын протоколу колдоого алынсын.

2.Кара-Булак айылдык Кенешинин 2014-жылдын 21-июлундагы 5-чакырылыштын кезексиз 15 –сессиясынын № 1 токтомуна техникалык ката кеткендигине байланыштуу түзөтүү киргизилип, Г. Абдубалиева Курсанов Тажибайдын үйүнөн түштүккө карай деген жери алынып салынсын .

3.Кара-Булак айылынын кире бериш жериндеги Аркадан баштап Кара-Булак айылына кеткен тик көчө Суу-Башыга чейин Абдрашит Айжигитовдун ысымындагы көчө деп аталсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

Кара-Булак айылдык Кенешинин төрагасы

И.Тилеков