Редакцияот 11.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 11-февралы № 13

“Советтик аскерлердин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылгандыгынын 30 жылдык юбилейин белгилөө жөнүндө”

 

Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты К.М. Доолокееванын Советтик аскерлердин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылгандыгынын 30 жылдык юбилейин белгилөө жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бюджеттик эсептен 83,3 миң сом суммадагы акча каражаты бөлүнсүн:

·         Советтик аскерлердин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылгандыгынын 30 жылдык юбилейин белгилөө күнүндө материалдык жардам көрсөтүү үчүн 11 АДР катышуучуларына 5,0 миң сомдон;

·         11 АДР катышуучуларына 1,4 миң сомдон юбилейлик медалга;

·         Салтанаттуу түшкү тамактанууга 1,0 миң сомдон;

·         Гүл алууга 0,9 миң сом;

·         Ташып алып барууга 1,0 миң сом.

2. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун 74-жылдыгын майрамдоого карата 11 АДР катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүү үчүн 5,0 миң сомдон акча каражаты бөлүнсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Т.Тюлемишовага жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Токоев К.О