Редакцияот 19.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XХXIII сессиясы

 

2019-жылдын 19-апрели №122

Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерлерди пайдалануу жонундо

Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер аянттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXХIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Самаркандек айылынын Базар участогундагы 0,15 га жер аянтына тейлөө устаканаларын куруу, Базар-Башы участогундагы 0,01 га жер аянтына дүкөн куруу, Паскы-Арык айылындагы ФАП тын түштүк-батыш тарабындагы 0,05 га жер аянтына тейлөө устаканаларын куруу үчүн жер аянттарын аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Самаркандек айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары:

Дыйканов О.