Редакцияот 01.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 1-марты №4

Кум шагыл, шебен чыгаруучу кичи завод куруу үчүн жербөлүп берүү жөнүндө

Осмонкулов айылдык кенешинин VII чакырылышынын 1-кезектеги сессиясынын 1-протоколунун негизинде Кум шагыл, шебен чыгаруучу кичи завод куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө, долбордун негизинде жерди пландоо боюнча К.Сулаймановдун кайрылуусун талкуулап, карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Осмонкулов айылдык аймагынын №119-чөйрө сызыгындагы, түштүк батыш тарабынан 0.1 га жерди кум шагыл, шебен чыгаруучу завод куруу үчүн жана №52/7,4 га-чөйрө сызыгынын түштүк чыгыш тарабынан кум шагыл, топурак алууга 0,1 га жер сунушталсын.

2. «Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо» жөнүндө жобонун негизинде уруксат берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын, көзөмөлдөө жагын Осмонкулов айылдык аймагынын башчысы У. Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

 

Төрага::

А.Джумаев

.