Редакцияот 16.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Болот Мамбетов айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын XIV-сессиясы

 

2018-жыдын 16-июну №24

Ак-Сай өзөнүндөгү Чокмор-Ата участкасына БСР куруу жөнүндө

Ак-Сай өзөнүндөгү Чокмор-Ата участкасына БСР куруу тууралу маселени карап талкуулап Болот Мамбетов айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чокмор-Ата участкасына БСР куруу боюнча документтерди даярдоо жагы Тоң райондук суу чарба башкармалыгынан суралсын.

2. БСРдин курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн керектелүүчү акча каражатты Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунан бөлдүрүп берүү жагы Тоң райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы И. Көөкөровго тапшырылсын.

 

Төрага::

Ж.Мамбетов.