Редакцияот 19.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 19-декабры № 55

“Кошумча төлөмгө акча каражатын бөлүү жөнүндө”

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы А. И. Бакировдун КР Финансы Министрлигине үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоо үчүн “Жылдыз-Нуру” бала бакчасынын чатырын алмаштыруу боюнча долбоорун жибере тургандыгы жана долбоорду ишке ашырууда кошумча төлөмгө акча каражатын бөлүп берүү, долбоордун баасы 3362,028 миң сом, кошумча төлөмдүн өлчөмү – 1010,0 миң сомду б. а. 30,04%ды түзөөрү жөнүндө докладын угуп жана талкуулап, Биринчи Май айыл кеңештин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоого жиберүүлүчү “Жылдыз-Нуру” бала бакчасынын чатырын алмаштыруу долбоору 3362,028 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. ФЭБ башчысы Н. Б. Жумагуловага 2019-жылдын бюджетин түзүүдө “Жылдыз-Нуру” бала бакчасынын чатырын алмаштыруу долбооруна кошумча төлөмгө 1010,0 миң сом акча каражаты каралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.И. Бакировго жүктөлсүн.

 

Төрага

 

С.У. Дунганов