Редакцияот 24.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин кезектеги он сегизинчи сессиясы (У1-чакырылыш ) жыйналышы

 

2019-жылдын 24-майы №18/1

Жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана айлана чөйрөнү тартипке келтирүү боюнча айыл башчылардын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө

Кара – Кочкор айылдык округунун Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Кара – Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү , айлана чөйрөнү тартипке келтирүү боюнча айыл башчылардын жүргүзүп жаткан иштери айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп белгиленсин .

2. Айыл башчылар өздөрүнүн айылдарындагы үйлөрдү актатууну , короо жайларды иретке келтирүүнү уюштурушсун .

- айыл ичиндеги ички арыктарды казуу үчүн элди уюштуруу менен жол боюндагы аялдамаларды арыктарды калыбына келтиришсин .

- тез аранын ичинде жол боюндагы көрнөктөрдү мезгил талабына ылайык ондоп түзөшсүн .

- айыл жериндеги жолдорду , көпүрөлөрдү ондоо , эски суу түтүктөрүн ондоону колго алышсын .

3. Бул токтомдун аткарылышын Кара – Кочкор айылдык округунун кенешинин агрардык , азык – түлүк , айыл жана суу чарба , жерге жайгаштыруу , жер жана жер ресурстары экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын .

 

Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин төрагасы::

Э. Жакеев.