Редакцияот 23.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү  XXXIII сессиясы

2016-жылдын.23-августу №12

Жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 2016-жылдын 9-айына жеткирилген такталган план боюнча жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү киргизүү максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 2016-жылдын 9-айына жеткирилген такталган план боюнча айыл чарбасына арналбаган жер салыкка 250,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин кирешеси жана 70629 ЖКХ (турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) разделинин чыгаша бөлүмүнүн 3112 сатьясына 250,0 миң сом өзгөртүүлөр жүргүзүлсүн.

2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл амагынын ФЭБ башчысы С.Капаровага милдеттендирилсин.

3. Токтом  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык Кеңешинин орун басары Э.Арзыкуловко тапшырылсын.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы::

К.Аттокуров.