Редакцияот 23.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXIII сессиясы

 

2016-жылдын.23-августу №15

Кеңеш айыл аймагынын иш жүзүндөгү чек арасындагы жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү” № 114 Токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан аткарылган Кеңеш айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо маселелерин угуп жана талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү” № 114 Токтомунун негизинде, Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн Кеңеш айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо иштеринин жыйынтыгы жактырылсын.

2. Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссия курамынан Кеңеш айыл аймагынын жер балансасын ушул токтомдун негизинде кабыл алып, токтом чыгарып берүү жагы суралсын.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы::

К.Аттокуров.