Редакцияот 24.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 10-сессиясы

 

2018-жылдын 24-апрели №2

Ак-Коргон айыл аймагында райондук өнүгүү фондуна сунушталган проэктилердин тизмегин бекитүү жөнүндө

Ак-Коргон айылдык Кеңешинин27-чакырылышынын 24-апрель 2018-жылдагы кезектеги 10-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Коргон айыл аймагында райондук өнүгүүфонду аркылуу каржыланып ишке ашырууга пландаштырылган төмөнкү 4(төрт) проэкт жактырылсын.

Ак-Коргон Баястан жолуна асфальт төшөө.

Сафед-Булон айылынын тургундарын таза ичимдик суусу менен камсыз кылуу проэктиси

Падек айылындагы маданият үйүнүнкурулушун экинчи этабын ише ашыруу.

Ак-Коргон айылында кичүү футбол аятчасын куруу проэктиси.

2. Тиешелүү документтерди бүтүрүү жана Ала-Бука районунун өнүгүү фондуна сунуштоо Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин..

3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .

 

Айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Инамов.