Редакцияот 28.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

КАРА–СУУ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН (ЖЕТИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫ

 

2019-жылдын 28-марты №8/4

Кара-Суу шаарынын № 112 Манас орто мектебинин 90-жылдык маарекесине жана № 13 кварталдык комитетинин “Арашан” кичи шаарчасына акча каражатын ажыратуу жөнүндө

Кара-Суу шаарынын № 112 Манас орто мектебинин 90-жылдык маарекесин өткөрүү боюнча мектеп директору У.Самибаеванын жана № 13 кварталдык комитетинин төрайымы А. Бегматованын “Арашан” кичи шаарчасына акча каражатын ажыратуу жөнүндө билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Суу шаарынын № 112 Манас орто мектебинин 90-жылдык маарекесин өткөрүү үчүн Манастын айкелин орнотууга 2019-жылга Манас орто мектебине каралган бюджеттеги суммадан 210,0 миё сом иштетилсин, ал эми 6 айдын жыйынтыгы менен калган жумуштарына 210,0 миё сом башка булактардан ажыратылсын.

2.№ 13 кварталдык комитетинин “Арашан” кичи шаарчасына брусчатка басуу 6 айдын жыйынтыгыда каралсын.

 

Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы:

Р.Хатамов.