Редакцияот 17.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2019-жылдын 17-июлу №4/8

 АВП “Шоролу” менен жасалган долбоор боюнча

Күнтуу айылдык кеңештин депутаттары талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнтуу айыл аймагынын жашоочуларына ички каналдардын ирригациялык системасы реабилитациядан өткөрүлүп, АВП “Шоролу” менен жасалган каналдардын оңдоп түзөө иштери бүтүп, 25% кайтарым суммасын төлөөдө ар бир гектар жер үлүшүнө, жолдун астыңкы бети 800 сомдон 5-жыл аралыгында төлөнсүн жана жолдун үстү Шалта, Кичи-Шалта, Чон-Жар айылдары ар бир гектарына 300-сомдон баасы коюлуп төлөмдөр мыйзам чегинде жүргүзүлсүн;

2. Күнтуу айыл аймагынын жашоочулары менен түшүндүрүү иштери, айыл өкмөтү жана АВП “Шоролу” менен биргеликте жүргүзүлсүн;

3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам;

4. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып  күчүнө кирет;

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Күнтуу айылдык Кеңештин төрагасы:

У.Б.Астаркулов.