Редакцияот 15.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Терек айылдык кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХVII сессиясы

 

2019-жылдын 15-июлу №130

Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Жетиген,Кызыл-Ураан,Саргата,Үч-Терек айылдарынын жалпы жашоочуларынын жыйынында кабыл алынган “жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбооруна катышуу жөнүндөгү № 1 протоколунун токтомун бекитип берүү жөнүндө

Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Жетиген,Кызыл-Ураан,Саргата,Үч-Терек айылдарынын жалпы жашоочуларынын жыйынынын № 1 протоколун негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Аталган айылдардын жашоочуларынын жыйынынын № 1 протоколунун токтому бекитилсин.

2.Айылдардын ички чарбалык жолдорун оңдоо-түздөө үчүн грейдер техникасы көйгөй катары кабыл алынсын.

3.Тиешелүү долбоор жасап ,“Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунаөткөруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Акаев.