Редакцияот 16.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы

 

2019-жылдын 16-августу №3

Кеңеш айыл өкмөтүндө мектеп, бала бакчалардын кышка даярдыгы жөнүндө

Кеңеш айыл аймагынын соц маселелер боюнча башкы адиси Арзыбаев Жанышалинин 2019-2020-жылдарга мектеп, бала бакчалардын кышка даярдыгы жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн соц маселелер боюнча башкы адиси Ж.Арзыбаевдин мектеп, бала бакчалардын 2019-2020-жылдарга кышка даярдыгы боюнча берген маалыматы жактырылсын.

2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:

И.Каипов.