Загрузка документа…
ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы №1
Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин 2018-жылдагы аткарылышы жана 2019-жылга бюджетинин сметасы жѳнүндѳ
Жан – Булак айыл округунун башкы бухгалтери Ж.Эсенканова сессиянын катышуучуларына тѳмѳнкүлѳрдү баса белгиледи.
-Жан – Булак айыл аймагынын 2018 – жылдагы бюджети киреше жана чыгаша бѳлүктѳрү боюнча 4737,3 мин сом болуп бекитилген. Жыл ичиндеги ѳзгѳрүүлѳрдү , толуктоолорду эсептѳѳ менен киреше бѳлүгүнүн жылдык планы 6806,7 мин сом, чыгаша бѳлүгү 6952,5 мин сом болуп такталган. Бюджеттин киреше бѳлүгү жергиликтүү салыктар жана жыйымдар , республикадан келген гранттар боюнча жалпысынан – 103,5%ке аткарылды,же жалпы 7046,9 мин сом киреше түштү. Анын ичинен жергиликтүү салыктар жана жыйымдар 3384,2 мин сом. Грантар 3662,7 мин сом. 2018 – жылы салыктар жана жыйымдар дээрлик бардык түрлѳрү боюнча ашыгы менен аткарылды. Салыктардын 3 түрү 3 түрү аткарылган жок. М: киреше салыгы 95,0%,кыймылсыз мүлк салыгы – 34,7%,айыл чарба багытында эмес жерден алынуучу салык - 71% болду, бул салыктарды толук ѳндѳрүү үчүн бизде булак (источник)жок. Бул үч тур салык быйылкы жылы мындан дагы ѳтѳ кѳп түрдѳ планга коюлуп жатат. Бул боюнча финансы министирлигинин Нарын башкармасына, Нарын райондук салык кызматына презентациялар жазылган. Бирок мындан жыйынтык чыгаары күмѳн. Бул салыктарды кѳбѳйтүүдѳ кайсы расчеттор колдонулганы белгисиз.
Бюджеттин чыгымдоо бѳлүгү жалпысынан тѳмѳндѳгүдѳй аткарылды:
Мында: Эмгек акы - 2895,3мин сом
Соц. фондго тѳлѳмдѳр - 427,9 мин сом
Интернет байланыш үчүн - 25,3 мин сом
Сапар чыгымдары - 63,6 мин сом
Транснпорт чыгымы - 111,0 мин сом
Кѳмүр алууга - 427,5 мин сом
Тамак – ашка - 321,9 мин сом
Электр энегиясына - 225,4 мин сом
Эл.энергияга компенсация - 360,5 мин сом
Жайыт комитетинин чыгымы – 328,7 мин сом
Негизги каражаттарга - 280,6 мин сом
Башка чыгымдар үчүн - 1095,9 мин сом
Баардыгы: 6563,6 мин сом чыгымдалды.
Муруну жылдардай эле, быйыл дагы гранттын кѳлѳмү 205,2 мин сомго азайган. Анын тескеринче киреше салыгы 1288,0 мин сом, кыймылсыз мүлк салыгы17,3 мин сом, сатуудан түшүүчү салык 960,0 мин сом болуп планга коюлганы турат. Бирок маселе- салыктын коломүн эпсиз кѳбѳйтүп коюуда эмес, аны аткарууга айыл ѳкмѳтүнүн мүмкүнчүлүгү, базасы барбы – мына ушунда.
№ | Кирешенин аталышы | 2017 | 2018 | 2019 |
1 | Киреше салыгы | 852,0,0 | 919,0 | 1288,0 |
2 | Патент | 64,0 | 68,0 | 70,0 |
3 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 19,0 | 17,3 | 173 |
4 | Транспорт салыгы | 196,0 | 230,0 | 252,0 |
5 | Жер салыктары: | 386,6 | 364,5 | 363,4 |
| Огород | 25,0 | 30,0 | 30,0 |
| Yлүш жер | 278,2 | 251,1 | 230,0 |
| айыл чарба багыт.эмес жер салыгы | 83,4 | 83,4 | 83,4 |
6 | Сатуудан түшүүчү салык | 200,0 | 220,0 | 960,0 |
7 | Жайыттын арендасы м | 386,2 | 386,2 | 386,2 |
8 | ФПСтин арендасы | 166,9 | 270,0 | 172,0 |
9 | Тазалык жыйымы | 1,5 | 1,5 | 1,6 |
10 | лицензия | - | 60,0 | 60,0 |
11 | Атайын каражат | 85,0 | 410,0 | 450,0 |
| Жыйынтыгы: | 2357,2 | 2868,8 | 4020,5 |
12 | Тендештирүүчү грант | 2278,8 | 1868,8 | 1663,6 |
| Жалпы жыйынтык: | 4636,0 | 4737,3 | 5684,1 |
|
|
|
|
|
Бул таблицадан кѳрүнүп тургандай, киреше салыгы, кыймылсыз мүлк салыгы, а/чарба багытындагы эмес жер салыктары жылыга аткарылбай калгандыгына карабастан жана мумкунчулугу жок экендиги эске алынбастан жылдан – жылга олчому кобойуп жатат. Анын тескеринче , тендештируучу грант азаюуда. Бул кайсы расчеттор менен коюлуп жатканы тушунуксуз болууда .
Ал эми 2019- жылга
Эмгек акыга 2986,8 мин сом
Соц. фондго тѳлѳмдѳр 446,7мин сом
Электр жагуусу үчүн 126,8мин сом
Кѳмүр алууга 400,0мин сом
Тамак –аш алууга (ДДУ) 190,0мин сом
ООП кызматы үчүн 328,7 мин сом
Калган бардык чыгымдарга 720,0 мин сом
Атайын каражаттар 450,0 мин сом
Бардыгы: 5649,0 мин сом
Бул билдирүүдѳн кийин тактоо иретинде суроолор берилип, тиешелүү жооптор айтылды. Андан сон айылдык Кенештин депутаттарынын талкуусу жүрдү:
Бекбоев.Т – бухгалтердин бюджет боюнча отчетун угуп жатабыз. Жакшы, былтыркы жылга салышырганда кирешелер жагы дээрлик ашыгы менен аткарылыптыр.Чыгаша бѳлүгү деле кирешеге жараша аткарылган экен. Маселе быйылкы бюджетте болчудай. Себеби, ккоролгон милдеттуу чыгымдоолордон кийин айыл окмотундо 720,0 мин гана сом калат экен го. Буга кандай кылып иш жүргүзүүгѳ болот. Эмне үчүн мамлекет мектеп,бала бакалардын айлыгын билим берүү Министирлигине берет дагы, электири менен кѳмүрдү бизге калтырган. Алгандан кийиин толугу менен алып, каржыласа болмок. Быйылкы жылы дагы региондорду ѳнүктүрүү мүмкүн эмес го. Менин сунушум ѳйдѳкү аткарылбай турган кирешелерди алып салалы.
Күчүкова.К – бюджеттин 2018 – жылдагы киреше жана чыгашалары боюнча уктук. Негизинен киреше жана чыгашалар боюнча кѳрсѳткүчтѳр аткарылыптыр, жанагы салыктын үч түрүн кошпогондо. Ал бетте бул айыл ѳкмѳттүн башчысынын, башкы бухгалтердин, салык инспекторунун жана тармак адистеринин эмгеги дейбиз жана рахмат айтабыз. Ал эми быйылкы бюджеттин киреше бѳлүгүндѳ айрым аткарууга кыйынчылык болгон салык, жыйымдын түрлѳрү жылдан – жылга улам кѳбѳйүп келе жаткандыгын байкап жатам.М: кирешеден алынуучу салыкка 2019- жылга 1288,0 мин сом план берилиптир. Айыл ѳкмѳтүндѳгү АУП жана маданият тармагынын эмгек акысынан мынча салык түшпѳйт. Анын үстүнѳ биздин айыл ѳкмѳтүндѳ бийик тоого кошулуучу коэффициент жок. Ошондой эле сатуудан түшүүчү салык 960,0 мин сом болгону жатат. Биздин айылда сатуудан мынча салык түшүүсү эч мүмкүн эмес. Негизинен киреше бѳлүгүн аткаруу деле оной эместиги корунуп турат. Киреше аткарылбаса жогорудагы корсотулгон чыгымдар дагы аткарылбай калаары бышык. Жылдан – жылга бардык чыгымдар айыл окмотуно уйулуп келе жаткандай.