Редакцияот 15.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин № 2 кезексиз сессиясы

 

2019-жылдын 15-февралы №2/7

Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери А.Сарымсакованын 2018-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Сарымсакова Аида Абдылдабековнанын 2018-жыл ичинде аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Стамакуновго милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

А.Туюкбаев