Редакцияот 22.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин № 5-кезексиз сессиясы

 

2019-жылдын 22-майы № 5/1

Үрөн чарбасынын жетекчисинин 2018-жыл ичиндеги аткарган ишинин жыйынтыгы жөнүндө

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Калинин айылындагы 2018-жылы уюшулган үрөнчүлүк чарбасынын иши канааттандыраарлык эмес деп белгиленсин. Үрөнчүлүк чарбасы пайдаланып жаткан жер аянты 2019-жыл үчүн пайдаланууга берилбесин.

2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Стамакуновго милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

А.Туюкбаев