Редакцияот 21.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА СУУ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз ХХII сессиясы

 

2019-жылдын 21-августу №6

 Жайыттын коопсуздугун кароо жана жакшыртуу жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы С.Мамакеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыттын коопсуздугун карап жана жакшыртуу боюнча үзгүлтүксүз иш алып баруу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы С.Мамакеевге милдеттендирилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы:

МалабековТ.