Редакцияот 12.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин XVIII сессиясы

 

2019-жылдын 12-июлу №3

Орто-Сай айылындагы мечитти курууга 0.12га, Жыгач-Коргон айылындагы мечитти курууга 0,15га жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айыл кеңешинин XVIII сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орто-Сай айылындагы 0.12га жер, Жыгач-Коргон айылындагы – 0.15 га жер тилкелери ошол айылдардагы мечиттердин курулушуна бекитилип берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы башчысы Б.Токтосуновго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ленин айылдык кеңешинин төрагасы:

М. Кеңешбаев.