Загрузка документа…
АКМАН АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №14
ПРЖР-2 долбоору аркылуу сатылып алынган прицепти иштетүү жолу жөнүндө
Акман жайыт комитетинин башчысы Исаков Медетбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын IIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ПРЖР-2 долбоору аркылуу сатылып алынган атайын техниканы ( прицеп) Акман жайыт комитети ЖОБОнун негизинде иштетүүгө алынсын.(№1тиркеме)
2. ЖОБОнун негизинде иш алып баруу Акман жайыт комитетинин төрагасы М. Исаковго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин орун басары Ш. Калыковго милдетендирилсин.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Сопуев . |
Акман айылдык кеңешинин 2019
-жылдын “____”_______________
№_____ Токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасы менен айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоорун КАРЖЫЛОО ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУСУНУН НЕГИЗИНДЕ сатылып алынган айыл чарба техникаларды эксплуатациялоо жөнүндө
ЖОБО
Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана коомчулуктун жайытты башкаруу планына негиз Кыргыз Республикасы менен айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоорун КАРЖЫЛОО ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУСУНУН НЕГИЗИНДЕ (мындан ары -Долбоор) аркылуу сатылып алынган Трактор телещкасын (прицеп-А3-8524) маркасындагы тракторду (мындан ары –айылчарба техника) натыйжалуу башкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу тартибин жөнгө салат.
1. Жалпы жоболор
1.1. Айыл өкмөтү алынган айыл чарба техниканы АРИС, айылдык кеңеш, айыл өкмөтү жана жайыт комитетинин ортосунда түзүлгөн алкактык келишимге таянып жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен өз балансына кабыл алат жана мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине киргизет.
1.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 16-беренесине жана КРнын граждандык Кодексинин 227-беренесинин 4-пункутуна негизинде жайыт пайдалануучулар бирикмесине оперативдүү башкарууга өткөрүп берет.
1.3. Айыл чарба техниканы оперативдүү башкаруу укугун өткөрүп берүү жана анын мөөнөтү айыл өкмөтүнүн жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосундагы түзүлгөн келишим менен аныкталат.
1.4. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси мүлктү пайдаланууда жана тескөөдө техникалык коопсуздук, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо менен ушул Жободо белгиленген тартипте жүргүзөт.
1.5. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси оперативдүү башкаруу укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, аны ижарага, күрөөгө коюуга, чарбалык шериктештиктердин капиталына салым (пай) түрүндө кошууга же башка ыкма менен башкарууга укуксуз.
1.6. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануунун жылдык планында белгиленген жумуштарга тартылбаган учурда, келишимде көрсөтүлгөн шарттарда жергиликтүү тургундарга, жергиликтүү жана тышкы жеке жана юридикалык жактарга коммерциялык негизде кызматтарды көрсөтө алат.
1.7. Айыл чарба техниканы коммерциялык максатта пайдалануудан түшкөн таза киреше жайыт комитетинин бюджетине түшөт жана анын туруктуулугун камсыздоого жумшалат.
1.8. ЖПБ/ЖК атайын техниканы максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануу менен жайыттардын абалын, инфраструктурасын жакшыртуу жана туруктуулугун камсыз кылуу боюнча план/программа иштеп чыгат. Жана жайыт комитетинин отурумунда талкууланып, жайыт пайдалануучулардын (ЖПБ) жалпы чогулушунда/конференциясында бекитилет.
2. Механизаторду тандап алуу тартиби
2.1. Айыл чарба техникаларды натыйжалуу башкаруу, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруучу органы Жайыт комитети ачык сыноо/тендер аркылуу өткөргөн конкурстун жыйынтыгына ылайык тандалып алынган механизатор менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
2.2 Тендердик комиссиянын курамы 5-7 сандагы кишилердин курамынан турат жана комиссияга жергиликтүү кеңештин, айыл өкмөтүнүн жана жайыт пайдалануучулардын өкүлдөрү киришет.
Тендердик комиссиянын курамын жайыт комитетинин төрагасы өзүнүн буйругу менен аныктайт.
2.3. Конкурс төмөндөгү критерийлерге негиз өткөрүлөт.
Механизатор төмөндөгү базалык талаптарга ылайык келиши керек:
Механизаторлук кесиби боюнча билимге ээ болуу (күбөлүк).
Айыл чарба техника менен иштегендиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болуусу.
Кеминде 3 адамдын сунуштама каты.
Айыл чарба техниканы сактоочу гаражга ээ болуусу;
Айыл чарба техниканы ремонттоо боюнча жөндөмгө ээ болуусу;
Ден соолугунун чыңдыгы боюнча Ф 086У справкасы;
Жеке ишкердикти жүргүзүүсү боюнча күбөлүгүнүн жана патентинин болуусу, камсыздандыруу полисинин болуусу өзгөчөлүк катары бааланат.
2.4. Механизаторду тандап алууда аныкталган критерийлерге ылайык ар бир комиссия мүчөсүнүн жекече баалоо отчету жүргүзүлөт жана колу менен күбөлөндүрүлөт. Жана ар бир комиссия мүчөсүнүн жекече баалоо отчетунда берилген баллдар жыйынды таблицада жалпыланып, орточо баллдары эсептелип, ранжирлөөнүн жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталат. Жыйынды таблица бардык комиссия мүчөлөрүнүн колдору менен күбөлөндүрүлөт.
3. Айыл чаба техниканы иштетүү жана финансылык каржыны башкаруу тартиби
3.1. Айыл чарба техникалар эң биринчи кезекте жайыттарды башкаруу жана пайдалануунун жылдык планында белгиленген жумуштарды аткарышат.
3.2. Айыл чарба техникалар жайыттарды башкаруу жана пайдалануунун жылдык планында белгиленген жумуштарды аткарууга кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттен, жайыт төлөмдөрүнөн топтолгон жана атайын техниканы пайдалануудан түшкөн каражаттардан каржыланат.
3.3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануунун жылдык планда белгиленген жумуштарды аткаруу жана коммерциялык кызматтарды көрсөтүү тарифи жайыт пайдалануучулардын (ЖПБ) жалпы чогулушунда/конференциясында талкууланып, айылдык кеңеште бекитилген кызмат көрсөтүү тарифине негизинде жүргүзүлөт (Тиркеме 1, Тикеме 2, Тиркеме 2-1).
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планында белгиленген жумуштарды жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги жумуштарын аткарууда өзүнчө тариф, жеке жана юридикалык жактарга коммерциялык тариф менен эсептелет.
Чоп, эгин ташуу;
Чабандардын жугун жеткируу жана ташуу;
Айыл ичиндеги мусорлорду ташуу;.
(*эскертуу АК бекиткен тариф менен эсептелет)
3.4. Жеке жана (же) юридикалык жактарга айыл чарба техниканы коммерциялык негизде иштетүү төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:
Жайыт комитети жеке жана (же) юридикалык жактардан буюртманы жазуу жүзүндө кайрылуу түрүндө кабыл алат;
Буюртмачы тарабынан белгиленген тарифке ылайык төлөнгөн акча каражаты ЖКнын бухгалтериясы аркылуу эсеп жүргүзүлөт.
Жайыт комитетинин төрагасы механизаторго буюртмага ылайык аткарылуучу жумуштун түрү жана орду көрсөтүлгөн жолдомо баракчаны (путевой лист) өзүнчө берет.
Жолдомо баракчада белгиленген жумуш аткарылып, буюртмачы тарабынан кабыл алынгандан кийин жумуш аяктады деп эсептелинет.
3.5. Айыл чарба техниканы пайдалангандыгы боюнча отчеттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жайыт пайдалануучулардын (ЖПБ) жалпы чогулушуна/конференциясына жылына бир жолудан кем эмес берилет.
4. Тараптардын укуктары жана милдеттери
4.1. Тараптардын укуктары жана милдеттери айыл өкмөтү менен ЖПБ/ЖКнын ортосунда түзүлгөн мүлктү оперативдүү башкаруу укугун берүү боюнча келишимде аныкталат.
5. Мүлктү оперативдүү башкаруу укугун берүү боюнча келишимди токтотуунун тартиби
5.1. Мүлктү оперативдүү башкаруу укугун берүү боюнча келишими төмөнкү учурларда токтотулат:
Келишимдин мөөнөтү аяктаганда;
Жайыт пайдалануучучулар бирикмеси Уставда белгиленген тартипте өз ишин токтоткондо;
Тараптар келишимдин шарттарын жана милдеттерин аткаруудан баш тартканда.
6. Талаш тартыштарды чечүү тартиби
6.1. Айыл чарба техниканы оперативдүү башкарууда келип чыккан талаш-тартыш маселелер аксакалдар сотунун отурумунда, жайыт комитетинин жана текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда чечилет.
Тиркеме №1
Трактор телещкасын (прицеп-А3-8524) коммерциялык максаттагы кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифи
№ | Расходы | Трактор телещкасын (прицеп-А3-8524) | |||||||
ед. измерения | Расход на рейс | Цена сом | Сумма сом | Эскертүү | |||||
1 | Жук ташуу учурунда | рейс | 1 | 100 | 100 | Трактор телещкасын (прицеп-А3-8524) чыгымдайт | |||
2 | майлоочу материал | кг | 0,01248 | 60 | 0,74 |
| |||
Б. | Трактористин эмгек акысы | сом |
|
| 100 |
| |||
Айыл чарба техниканын жалпы чыгымы: | 201 |
| |||||||
1. | Кызмат үчүн | сом | 1 | 100 | 100 | 346,74*70%=242,7 | |||
Баары |
|
|
|
| 301 |
| |||
| |||||||||