Редакцияот 26.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXI -сессиясы

 

2018-жылдын 26-декабры № 21/79

Айыл өкмөтүнөн чыккан 21-декабрь 2018-жылдагы № 107- буйругун бекитүү жөнүндө

 

Депутаттардын VI чакырылышында шайланган айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депуттары, айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абыкеев Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексте каралган иштерди кароо боюнча комиссияларын курамын бекитүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кааштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 17.10.2018-жылдагы № 01-18\126 буйругу менен бекитилген типтүү Жобосун, айылдык кеңештин сессиясында бекитип алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 21-декабрь 2018-жылдагы №107- буйругундагы “Бузуулар жөнүндө ” иштерди кароого түзүлгөн комиссия курамы бекитилсин.

2. Жогорудагы “Бузуулар жөнүндө” иштер боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы протоколдун негизинде төрагасы Айталиев Бактыбек орун басары Казиев Сарыгул болуп бекитилсин.

3. Кочкор райондук ички иштер башкармалыгы укук бузуулар боюнча бөлүмү менен бирдикте иштерди жүргүзүү ай сайын отчет маалымат берүү жагы комиссиянын төрагасы Айталиев Бактыбекке тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы жооптуу катчы А.Сыдыкбековага жүктөлсүн.

 

Төрага

Ырысбек Бектен