Редакцияот 22.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Суу айылдык Кеңешинин 17-чакырылышынын 3-кезексиз сессиясы

2019-жылдагы 22-марты №3/2

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылындагы «Супа-Булак» бирикмесинин 2019-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Кара-Суу айылынын «Супа-Булак» бирикмесинин жетекчиси М.Тентимишовдун маалыматынын негизинде айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин 3-кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылындагы «Супа-Булак» бирикмесинин 2019-жылга бюджети 474 437 ( төрт жүз жетимиш төрт миң төрт жүз отуз жети) сом менен бекитилсин.

2. Токтомду аткаруу, тапшырылган иштердин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы «Супа-Булак» бирикмесинин жетекчиси М.Тентимишовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Ш.Кабаевге тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Иманкулов