Редакцияот 08.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы

 

2019-жылдын 8-февралы №28/3

Ак-Кыя айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүнүн инвестициялык жана перспективалык планын бекитүү жөнүндө

Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2018-2022-жылдын социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн инвестициялык жана 2019-жыл үчүн бир жылдык перспективалык планын бекитүү жөнүндө өкмөт башчы Т.Турдубековдун маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. 2018-2022-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн инвестициялык жана 2019-жыл үчүн бир жылдык перспективалык планы бекитилсин.

2. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн инвестициялык жана перспективалык планы аткарууга алынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Т.Турдубековго тапшырылсын.

 

Төрага

Р.Зарлыков