Редакцияот 26.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXI -сессиясы

 

2018-жылдын 26-декабры № 21/84

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Түндук аймактык өкүлчүлүгүнүн 16.10.2018-жылдагы № 3/301 катын кароо

 

Кыргыз Ресаубликасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” 30.05.2016-жылдагы № 75 Мыйзамынын 28-беренесинин 15-пунктунда “Кызматчыларды окуутудан өткөрүү үчүн алардын бюджетинен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттардын бир пайызынан кем эмес эсебиндеги финансылык каражаттар бөлүнөт “ деп көргөзүлгөндүгүн белгилеп Кош-Дөбө айыл аймактык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызматчыларды окуутудан өткөрүү үчүн алардын бюджетинен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттардын бир пайызынан кем эмес эсебиндеги финансылык каражаттар бөлүнүп берилсин.

2. Бөлөнгөн каражатты 2019-жылдын бош калган каражатына киргизилип, каржылоо жагы айыл аймагын ФЭБнүн башчысы С.Капаровго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы жооптуу катчы А.Сыдыкбековага жүктөлсүн.

 

Төрага

Ырысбек Бектен