ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кенешинин VI- чакырылылынын кезектеги XXIX-сеесиясы
2015-жылдын 29-августу № 142
Үч-Терек айылдык кеңешинин XXIX сессиясында каралган Билим берүү мекемелеринин ремонт иштери жөнүндө
Айылдык кеңешинин Билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы И.Жумалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүү мекемелиринин жаңы окуу жылына карата ремонт иштерин өз деңгээлинде жүргүзгөндүгү белгиленсин.
2. Жетиген айылындагы Б.Салаев атындагы орто мектебинин 1-корпусунун чатырчасын жабууга акча каражатын бөлүп берүү жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
3. Мектеп жана бала-бакчалардын эски окуу жылындагы бүтпөй калган ремонт иштерин 2015-жылдын жыл аягына чейин аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевге милдеттендирилсин.
4. Мектеп жана бала-бакчалардын ремонт иштерин жүргүзүүгө бөлүнө турган акча каражаттарын өз убагында бөлүп берүү жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин Билим берүү ,маданият жана бюджет боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |