Редакцияот 08.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

 

2019-жылдын 8-июлу № 20

Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн Өрүкзар айылындагы “Алихан – Өрүкзар” балдар бакчасын ремонттоо жана айланасын тосуу жөнүндө

 

Өрүкзар айылындагы “Алихан – Өрүкзар” балдар бакчасына 2019 – 2020 – окуу жылына карата даярдыктар көрүүгө, ремонттоого жана айланасын тосуу үчүн Кадамжай райондук өнүгүү фондунун колдоосу менен даярдалып жаткан долбоорго колдоо көрсөтүү максатында Ак – Турпак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өрүкзар айылындагы “Алихан – Өрүкзар” балдар бакчасына 2019 – 2020 – окуу жылына карата даярдыктар көрүүгө, ремонттоого жана айланасын тосуу үчүн даярдалып жаткан долбоорго айыл өкмөтүнүн бюджетинен 185000 сом ажыратылып, өздүк салым катары берилсин.

2. Ушул токтомду аткаруу жагы Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Төралиевге милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Имаров