Редакцияот 16.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясы

 

2019-жылдын 16-августу № 129

Кадамжай шаарынын айланпасын реконструкциялоого жана шаардык кеңештин кеңсесин оңдоп түзөөгө бир статьядан башка статьяга акча каражатын которуу жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2019-жылдын 15-августундагы № 1-314 сандуу катын, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап жана талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадамжай шаарынын айланпасын реконструкциялоого 3112 статьясынан 3.0 млн (үч миллион) сомду 3111 статьясына которууга уруксат берилсин.

2. Кадамжай шаардык кеңешинин кеңсесин оңдоп түзөөгө бир статьядан башка статьяга акча каражатын которууга уруксат берилсин.

3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Э. Ураимов