НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 2-июлу № 1
Нарын шаардык Кенешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 38-беренесине жана Нарын шаардык Кенешинин Регламентинин 29-главасына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарына «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын сунушунун негизинде, депутаттардын ачык добуш берүүсүнүн жыйынтыгына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кенешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы тарабынан сунушталган депутат Иманкулов Адилет Кайратбекович ачык добуш берүү менен сессияга катышкан 18 депутаттын 17 добушун алгандыгына байланыштуу, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
2. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж. Ботоканов
|