Редакцияот 29.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXVсессиясы

 

2019-жылдын 29-июлу № 63

Кара-Бак айыл кеңешинин 2015-жылдын 23-ноябрдагы №01-7/53 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кара-Бак айыл өкмөтү Т.Нишанбаевдин сураныч катынын негизинде Кызыл-Бел айылынын Улак жай участкасынан турак жай куруу үчүн берилген калктуу конушка ысым ыйгаруу токтомуна өзгөртүү киргизүү максатында Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл аймагындагы Кызыл-Бел айылынын Улак жай участкасынан турак жай куруу үчүн берилген калктуу конушту “Жолдошбай Момунов атындагы калктуу конуш”-деп атоо сунушталсын.

2. Токтомдун аткарылышы Кара-Бак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Каламбеков