Редакцияот 22.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(VI-шайланган) кезектеги II сессиясынын

2018-жылдын 22-декабры № 2-9

Савай айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айылдардагы аты жок жаңы көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү

№690 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы №805-б буйругун аткарууга алуу жөнүндөгү Кара-Суу райондук админстрациясынын 2017-жылдын 29-декабрындагы №219 буйругун аткарагууга алуумаксатында Савай айылдык округунун кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Савай айыл аймагындагы Кен-Сай айылнын жашоочулары менен болгон чогулуштун протоколунун негизинде Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо башкармалыгында аты жок Кен-Сай айылынын түштүк чыгыш жагындагы жаны чектердеги көчөлөргө: Нооруз, Норуз-1, Нооруз-2, Нооруз-3, Нооруз- 4 жана Кен- Сай айылынын түндүк батыш жагындагы жаңы чектердеги көчөлөргө: Достук, Достук- 1, Достук-2, Достук -3, Достук- 4, Достук- 5, Достук- 6, Достук-7, Достук- 8 көчөлөрү деп аталсын.

 

Төрага

А.Баимбетов