Редакцияот 12.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылыш кезексиз ХIX сессиясы

2019-жылдын 12-апрели № 77

Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жылда аткарган иштери боюнча

Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл окмот башчысынын коомдук уюмдар, айыл өкмөтүнүн аппараты жана 4 айылдын жалпы эли менен акимдин жана райондук мекеме уюмдарын жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлгөн жыйындардын протоколдорунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Айыл өкмөт башчысынын 2018-жылда аткарган негизги орчундуу иштери коомдук уюмдарда, жалпы элдик жыйындарда талкуулангандыгы жана бүгүнкү кыскача билдирүүсү эске алынып жүргүзгөн иши канааттандырарлык деп баалансын.

2. Айыл өкмөт башчысынын ишинин негизги багыты «2019-жылды региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыяланышына байланыштуу аракеттенүү программасын аткарууга багытталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.Тургунбаев