Редакцияот 08.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 08-августу №11

Жаңы конушка ысым ыйгаруу жөнүндө

Ноокен айыл өкмөтүнүн Курулуш айылынын Бирке участкасынын тургундарынын жыйынынын № 1-протоколунун негизинде Ноокен айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XV-сессиясы күнтартибиндеги маселени угуп, талкуулап:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокен айыл өкмөтүнүнКурулуш айылынын тургундарынын жыйынынын №1-протоколунун негизинде Курулуш айылынын Бирке участкасындагы жаны конушка Касымов Жумабектин ысымы ыйгарылсын.

2. Токтомду көзөмөлдөө жагы Ноокен айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Кулматовко жүктөлсүн

 

Төрага

Н.Муратов