Редакцияот 14.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

17- сессиясы

2019-жылдын 14-январы №17/5

Муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрин бекитүү жөнүндө

Муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын токтомдорунун талаптарына ылайык, Кара-Бүргөн айыл өкмөтүндө көрсөтүлүүчү муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестринин сунушталган долбоорунун негизинде

Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 17-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүндө муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага

 Г.Каналиева