Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
17- сессиясы
2019 жылдын 14-январы № 17/7
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алуу менен келишим түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптары менен Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Соодонбеков түшүндүрмөсүн угуп
Жогорудагыларды белгилеп депутаттардын
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 17 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 токтомуна ылайык Ак-Талаа райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн типтүү келишими бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жетктөөчү адис-статистигине берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды республикалык бюджеттен карап берүүсү суралсын.
Төрага | Г.Каналиева | |||
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ 1.1 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ак-Талаа райондук мамлекеттик стаисмтика бөлүмүнүн атынан мындан ары "мамлекеттик статистика органы" деп аталуучу Ак-Талаа райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жөнүндө” жобонун негизинде иштеген Карасартов Сүйүндүк Эсенгулович биринчи тараптан жана Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атынан Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жобосунун негизинде иштеген Соодонбеков Нурбек Келдибекович экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү. 2. Келишимдин шарттары 2.1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык Ак-Талаа райондук мамлекеттик статистика бөлүмү Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет: 1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө; 2) жазгы талаа иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө; 3) түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурма айдоо тууралуу; 4) айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө; 5) айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө; 6) дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө; 7) тоюттарды өндүрүү жөнүндө; 8) дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын сатуунун көлөмү жана баалары тууралуу; 9) айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүндө; “Берилген ыйгарым укуктар боюнча маалымат берүүнүн мезгилдүүлүгү жана мөөнөтү мамлекеттик статистика отчеттуулугунун формаларына ылайык каралып, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн”. | ||||