Редакцияот 20.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы шайланган) он бешинчи сессиясы

2019- жылдын 20-июлу № 15-10

Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы көчөгө ардактуу атуул Имаров Сатыбалдынын атын коюу жөнүндө

Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы көчөгө ардактуу атуул Имаров Сатыбалдынын атын коюу боюнча өткөрүлгөн 2019-жылдын 12-июнундагы жалпы жыйындын протоколун айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктуна ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы көчөгө ардактуу атуул Имаров Сатыбалдынын атын коюу боюнча өткөрүлгөн 2019-жылдын 12-июнундагы жалпы жыйындын протоколу бекитилсин.

2. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы көчөгө белгилүү коомдук ишмер, ардактуу атуул Имаров Сатыбалдынын аты коюлсун.

3. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы көчөгө ардактуу атуул Имаров Сатыбалдынын атын коюу боюнча иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү , инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К. Назарбаев