Редакцияот 15.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 37-отуруму

 

2019-жылдын 15-октябры № 37/7

Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 24-сентябрындагы №01-17/550 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2019-жылдын 20-сентябрындагы №01/636п «2020-жылы өтө турган шайлоолордо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүп берүү үчүн шайлоо участкаларына пандус жана кармагычтарды орнотууга кеткен чыгымдарды айылдык кенештин сессиясына сунуштоо боюнча катын аткарууга алуу жөнүндө

 

Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин 2019-жылдын 15-октябрындагы билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу шайлоо участкаларына мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүп берүү пандус жана кармагычтарды орнотууга 40,0 (кырк мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Тиешелүү акча каражаттарын мыйзам чегинде бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин экономика, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Төрага

Жээнбеков Д