Редакцияот 29.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVI сесиясы (II чакырылышы)

2019-жылдын 29-июлу №107/24/27

А.А.Байтокоеванын жана А.М.Молдокматованын арыздарын карап чыгуу жөнүндө

Люксембург айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.Байтокоеванын 2019-жылдын июнь айынан декабрь айына чейин мамлекеттик кызматынын 3-класстагы кеңешчи чени үчүн төлөө жөнүндө жана Люксембург айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси А.М.Молдокматованын 2019-жылдын март айынан декабрь айына чейин мамлекеттик кызматынын 3-класстагы инспекторунун чени үчүн төлөө жөнүндө арыздарын карап, Люксембург айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Люксембург айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.Байтокоеванын 2019-жылдын июнь айынан декабрь айына чейин мамлекеттик кызматынын 3-класстагы кеңешчи чени үчүн жана Люксембург айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси А.М.Молдокматовага 2019-жылдын март айынан декабрь айына чейин мамлекеттик кызматынын 3-класстагы инспекторунун чени үчүн  төлөм жүргүзүлсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Абалбековага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Кожонов