Редакцияот 09.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

III сессиясы

2019-жылдын 09-сентябры №3-4

Ат-Башы айыл өкмөтүндө 2019-жыл ичинде өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражаттарынын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 2019-жыл ичинде өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы менен үнөм болгон 280 700 сом ( эки жүз сексен мищ жети жүз) сом акча каражатынын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Ат-Башы айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги үнөм болгон 280700сом акча-каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:

Карьерге уруксат алуу 11 000 сом;

Экологияга 50 000 сом;

 Көрктүү аймак муниципалдык ишканасын кошумча каржылоо - 50 000 сом

Светофорго керектүү материалдар 55 000 сом;

Адвокат кызматына 50 000 сом;

Интернет коштуруу 30 000 сом;

Босого жайлоосунда мал тосууга 15 000 сом:

Трансформатор коштурууга уруксат алуу 19 700 сом,

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.

 

Төрага

К.Асанбаева