Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-августу №21
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өз ара мамилелер аркылуу түшкөн каражат жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Биримкуловдун Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өз ара мамилелер аркылуу түшкөн акча каражаты жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өз ара мамилелер аркылуу түшкөн 2 000 000 (эки миллион) сомду Кара-Суу айылдык аймагында курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштерине жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык аймактык Кеңештин муниципалдык менчик, экономикалык өнүктүрүүнүн пландарын бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Кабылов
|