Редакцияот 14.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 14-августу №20

Кыргызстан ассоциясынын ден-соолук комитетинин долбоору аркылуу түшкөн каражат жөнүндө

Кара-Суу айылынын жалпы элдик жыйынынын чечимине таянуу менен Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү Б.Үмөталиев атындагы спорт комплексине бөлүнгөн 3,5га жердин түштүк тарабынан волейболдук аянтчасын куруу үчүн 5 сотых жер бөлүнүп берилсин.

2. Бөлүнүп берилүүчү жердин документтерин даярдоо жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин муниципалдык менчик, экономикалык өнүктүрүүнүн пландарын бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Кабылов