Редакцияот 14.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 14-августу №23

Кара-Суу айылдык аймагындагы Талас дарыясындагы күнгөй тарапка жана жайга кетүүчү көпүрөнүн оң жагын суу кермелеп кеткен түркүктү оңдоо жөнүндө

 Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Биримкуловдун Талас дарыясындагы күнгөй тарапка жана жайга кетүүчү көпүрөнүн оң жагындагы түркүктү суу кермелеп кеткендиги жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айылдык аймагындагы күнгөй жана жайга кетүүчү көпүрөнүн оң жагын суу кермелеп кеткен түркүктү оңдоо түзөө иштери жүргүзүлсүн.

2. Кара-Суу айылдык аймагындагы күнгөй жана жайга кеттүүчү көпүрөнү оңдоо иштерине өзгөчө күтүүсүз кырдаалдан каралган акча каражатынан 40 000(кырк миң) сом каралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөт башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Кабылов