Редакцияот 16.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

 

2018-жылдын 16-октябры № 83

«Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга карата бюджеттик чыгымдары жөнүндө»

 

Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга каралган сметалык чыгымдарына акча-каражаттарын тѳлѳп берүү жѳнүндѳгү Жайыт комитетинин тѳрагасы Н. Ѳмүралиевдин кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен киреше бѳлүгүнүн ашыкча түшкѳн акча-каражаттарынын эсебинен, 2018-жылга каралган жайыт пайдалануучулар бирикмесинин сметалык чыгымдарына акча каражаттары тѳлѳнүп берилсин.

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине тѳлѳнүп берилүүчү акча каражаттар Финансы Министрлигинин Ысык-Кѳл башкармалыгы менен макулдашылсын.

3. Токтом массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У. Абдыкалыковго жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.

5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары

Жумабек уулу К