Редакцияот 24.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

2019-жылдын 24-июлу №20/10

Чет-Нура айылдык кеңешиндеги 2019-жыл ичинде кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А Мүсүркановдун айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылышы боюнча маалыматынын негизинде,

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет-Нура айылдык кеңешинин 13-март 2019-жылдагы №17/13 токтому аткарууга алынбагандыгына байланыштуу,жыл аягына чейин аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча адиси К.Асанбековго тапшырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Сыдыкбеков